Биз социалдык тармакта

Пенсиянын топтомо бөлүгүн кимдер алды? Соцфонддун маалыматы

Быйыл беш ай ичинде 203 миң 217 адам пенсиянын топтомо бөлүгүн алышты. Бул тууралуу Социалдык фонддун сайтындагы маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, 1-январдан 1-июнга чейин пенсиялык топтомо каражатын алгандар үчүн 3 миллиард 704 миллион 700 миң сом төлөнгөн.

Пенсиянын топтомо бөлүгүн алгандар:

  • Пенсия курагына жеткен жарандар - 181 миң 650 адам (2 миллиард 81,2 миллион сом);
  • Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендер - 3 миң 925 адам (187,6 миллион сом);
  • Каза болгон адамдардын мураскорлору - 10 миң 574 адам (269,4 миллион сом);
  • Аскер кызматчылары - 900 адам (8,6 миллион сом);
  • Ипотекалык насыя алып жаткандар - 358 адам (74,1 миллион сом);
  • Ипотекалык насыя алгандар - 5 миң 155 адам (1 миллиард 16,7 миллион сом);
  • Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөр (МИК, ААК каржылайт) - 65 адам (7 миллион сом);
  • Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар - 209 адам (3,5 миллион сом);
  • Оор оорулары бар адамдар - 381 адам (56,6 миллион сом).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан