ФИФА уюму Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын 2-турунан кийин жыйынтыктоочу макаласын жарыялады. Анда ФИФА футбол боюнча Кыргызстан, Түндүк Корея Кувейт жана Палестина курамаларынын оюну тууралуу жазды.
"Кыргызстан үчүнчү раундга 11 упай менен тайпада экинчи болуп чыкты. Бул курама тайпада бир эле командага - Малайзия курамасына жеңилди. Ошондой эле тайпанын лидери Оманды өз үйүндө утуп, Маскатта тең чыгууга жетишти.
Бул өлкө биринчи жолу үчүнчү раундга чыкты, бул алардын акыркы Азия Кубогундагы көңүлү чөккөн оюнун эске алганда өзгөчө таасирдүү болду. Экинчи раунд аяктагандан кийин словакиялык машыктыруучу Штефан Таркович кызматтан кетери жарыяланып, анын ордуна орусиялык Максим Лисицын дайындалды, ал квалификациянын 3-турунда команданы жетектейт", - деп жазды Кыргыз курамасы тууралуу ФИФА уюму.
Кыргыз курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарында "D" тайпасында Оман, Малайзия жана кытайлык Тайбэй менен жайгашкан. 6 турдук оюндун жыйынтыгы менен жалпы 11 упай топтоп, Омандан кийин экинчи орун менен кийинки баскычка чыккан.