Германиянын Гельзенкирхен шаарында Сербия менен Англия беттешинин алдында серб күйөрмандары Орусиянын президентинин атын кыйкырышты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Анда көрүнгөндөй, орус жана серб желектерин көтөргөн күйөрмандар активдүү түрдө "Владимир Путин!" деп кыйкырып, кол чабышкан.
УЕФА уюму бүгүн "Евро-2024" турниринин алкагындагы Украинанын бардык беттештерине Орусиянын желегин киргизүүгө тыюу салды.