UFC: Катуу ооруп жатат делген Хамзат Чимаев билдирүү жасады

Америкалык UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хамзат Чимаев ооруканага жаткырылгандан кийинки алгачкы билдирүүсүн жасады.

UFC промоушенине катышкан орто салмактагы жылдыз мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарына кайрылды. Эскерте кетсек, буга чейин түбү чеченстандык мушкер ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат чыккан. Ал тургай уюмдун президенти Дана Уайт Хамзат Чимаев катуу ооруп жатканын жашырган эмес.

"Биз ар дайым бир нерсени пландаштырабыз, бирок Аллахтын биз үчүн өзүнүн пландары бар!" - деп жазып калтырды Чимаев Instagram баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан