"Евро-2024" турниринде дагы бир сенсация жаралды

Румыния менен Украина курама командалары беттешкен Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын 1-турунун оюну аяктады.

Оюн Мюнхендеги "Альянц Арена" стадионунда өтүп, 3:0 эсебинде Румыния курама командасынын сенсациялуу жеңиши менен аяктады. 29-мүнөттө Румыниянын капитаны Николае Станчу алыскы аралыктан кооз соккусу менен командасын алдыга чыгарды.

Экинчи голду 53-мүнөттө Разван Марин киргизди. 4 мүнөт өтпөй, тагыраагы, 57-мүнөттө Денис Драгуш оюнга чекитти койду.

Украина курамасы "Евро-2024" турниринин алкагында кийинки оюнун 21-июнда Дюссельдорфто Словакияга каршы өткөрөт. 22-июнда Кёльн шаарында Бельгия менен Румыния беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан