Кечээ, 17-июнда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүрдү. Бул тууралуу кечээ, 17-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, селдин кесепеттерин жоюуга жеринде жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника иштеп жатат.
Ага ылайык, Эски-Кочкор-Ата айылынын тургуну Э.Ж. атуу өспүрүмдү сел алып кеткен. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылган.
"Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары сел суулары Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10 чамасында аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.
Кошумча маалымат берилет.