Кочкор-Ата–Майлуу-Суу унаа жолдорун сел суулары каптады 

Кечээ, 17-июнда катуу жааган жамгырдан улам Ноокен районунда сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 516-517-чакырымдар аралыгында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жол бетиндеги сел агызган кум, шагыл, таштарды тазалап, эки тараптуу каттам жанданды.

"Кочкор-Ата-Хиля-Хлоппункт (0-4-чакырымдар аралыгы), Кочкор-Ата-Майлуу-Суу унаа жолунун (0-6-чакырымдар аралыгы) жер кыртыштарын сел жууп кеткен. Калыбына келтирүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан