Кечээ, 17-июнда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрүп, жалпы 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин, анын ичинен 5 турак үйдүн ичине сел суусу кирген. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, Жарандык куткаруу кызматтарынан жана куткаруучулардан турган 150 адам, 12 инженердик техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Ага ылайык, тартылган күч-каражаттардын жардамы менен 17-июнда саат 23:30 чамасында Бишкек – Ош унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу ачылган. Сел суусу кирген 5 турак үйдүн ичи сел калдыктарынан толук тазаланган.
"Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган куткаруучулар, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тарабынан тактоо жана келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө жумушу жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Эски-Кочкор-Ата айылында 2014-жылы туулган Э.Ж. аттуу баланы сел агызып, каза болгону маалымдалган. Ал эми 1 турак үй авариялык абалга келип, сел болгон аймактан 300гө жакын турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланган.
Ага байланыштуу учурда эвакуацияланган 300 турак үйдүн тургундары үйлөрүнө кайтууда.