Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды.
Ага ылайык, өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланган.
"Тилсиз жоо саат 13:34 чамасында чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.