"Евро-2024": Килиан Мбаппе оюндан түз эле ооруканага түштү

Франция курама командасынын жылдыз чабуулчусу Килиан Мбаппе футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычтагы оюнунун алкагында Австрияга каршы оюнда мурдун сындырып алды.

Ал оюн учурунда Австриянын коргоочусу менен кагышып, кулап түшкөн. Андан кийин мурду канап, талааны таштап кетти. Ал стадиондон дароо эле ооруканага жеткирилген.

Эми Мбаппе тайпалык баскычтардагы калган оюндарда талаага чыкпайт. Ал 1/8 финалдан баштап атайын бет кап менен талаага чыгышы мүмкүн.

Оюндун өзү 1:0 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан