Бишкекте сарайдан чыккан ири өрт өчүрүлүп, бир кыз иске ууланды

Бишкекте сарайдан чыккан өрт саат 15:36 чамасында толук өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, тилсиз жоого 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, иске ууланган бир жаран куткарылган.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май районунун Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан ири өрт чыгып, 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп кеткен. Анда болжол менен 30 адам эвакуацияланганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан