Бүгүн, 18-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кызыл-Эшме айылынын көчөлөрүн сел каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, саат 16:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Чоң-Алай айыл аймагынын Кызыл-Эшме айылындагы көчөлөрдү каптады.
Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Чоң-Алай райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды.
Кошумча маалымат берилет.