"Евро-2024": Күйөрмандарга азыр баштала турган Түркия-Грузия беттешине келбөө сунушталды

Германиянын Дортмунд шаарында нөшөрлүү жаан-чачын жаашы мүмкүн болгондуктан Түркия менен Грузиянын курама командаларынын беттеши үчүн күйөрман зонасы жана коомдук көрүү аянты жабылат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Бүгүн Дортмунддагы "Сигнал-Идуна-Парк" стадионунун жанында коомдук көрүү болбойт. "Friedens Platz" фан зонасы да жабык болот. Буга аба ырайынын кескин өзгөрүүсү себеп болду. Стадиондогу оюнга билети жок күйөрмандардан үйдө калууну суранабыз", - деп жазды Dortmund.de сайты.

Белгилей кетсек, бул оюн бүгүн, 18-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан