Жол инспекторуна баш ийбеген экс-жетекчинин унаасы айып короосуна коюлду

Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталып, унаасы айып короосуна коюлду. Бул тууралуу Шаардык кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 18-июнда эртең менен болгон.

"18-июнда эртең менен Манас проспектисинде Nissan Pathfinder үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Ага айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатканы себеп болгон. Ал бул кырдаалдан жазасыз чыгып кетүүгө аракет кылып, видеодо көрүнгөндөй, кесиптешимди коркуткан", - деп билдиришти мекемеден.

Мындан тышкары айдоочуга айып протоколу жазылып, сот органдарына жөнөтүлгөнү кабарланды. Унаа айып короосуна коюлган.

Кайгуул кызматы айдоочу Бишкек шаардык мэриясынын экс-аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков экенин маалымдашты.

19.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан