Кочкордо сапатсыз курулган мектепти колдонууга кабыл алган кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Кочкор районунда сапатсыз курулган мектепти колдонууга кабыл алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары Ара-Көл айылындагы мектептин курулуш иштери сапатсыз жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, аткарылган жумуштардын актыларын кабыл алышкан.

Ошондой эле пианино, муздаткыч, тигүү машиналары өңдүү керектүү жабдыктар жана эмеректер жок болгондугуна карабастан жалган актыларды түзүү менен акча каражаттарын мыйзамсыз негизде куруучу ишканага которуп беришкен. Натыйжада, мамлекетке 4 миллион 626 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн топтолгон материалдар Кочкор райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

19.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан