Биз социалдык тармакта

Баткен өрүгү эми Кытайга экспорттолот

Кыргызстандан Кытайга өрүк экспортоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул туурасында бүгүн, 19-июнда Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев, “Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd” компаниясынын башкы директору Чу Цюши жана “Агро Баткен” ЖЧКсынын башкы директору Жалалидин Шакировдун жолушуусу өткөн. Анда Кыргызстандан Кытайга дарбыз жана бакча-жемиш продукцияларын экспорттоо боюнча кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

“Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү жолдорун карап чыгып, экспорт көлөмүн көбөйтүү жана кыргыз-кытай ишканаларынын бизнес байланыштарын бекемдөө боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты. Жолугушууда продукциянын сапатын камсыз кылуу жана бардык зарыл эл аралык стандарттарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду”, - деп айтылат маалыматта.

Анын алкагында “Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd” компаниясы менен “Агро Баткен” ЖЧКсынын ортосунда Кытайга ири көлөмдө өрүк жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуунун жогорку потенциалын көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан