Биз социалдык тармакта

"Текшерүү иштери жүргүзүлүүдө". Транспорт министрлиги жүк ташуучу унааларга чектөө киргизди

Транспорт министрлиги оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда ашыкча жүк ташуудан алыс болууга чакырды.

Маалым болгондой, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан оор жүк ташуучу унааларга карата киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынууда.

Ага ылайык, текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жана 10 мобилдик топ аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин салынган жолдордун сапатын сактоо максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан