Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчёту берилди.
Жыйында депутат Ырысбек Атажанов пара менен кармалган кызматкерлер тууралуу суроо салып, кызматкерлердин канчасына кылмыш иши козголгонуна кызыкты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жалпы үч кызматкерге кылмыш иши козголгонун билдирди.
“Кармалды деген маалымат бар. Убактылуу кызмат орундарынан четтеткенбиз. Териштирүү иштери бүтүп, соттун чечими чыккан соң айтылса керек. Өзүңүздөр билгендей, алар пара менен кармалган”, - деди төрага.