Жумгалдан 5 баш жылкы уурдалган. Милиция шектүүнү Ысык-Көлдөн кармады

Жумгалда жергиликтүү тургундун жылкыларын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын аягында белгисиз адамдар Жумгал районунун Байзак айылынын тургунунун беш баш жылкысын уурдап, бир миллион сомго барабар зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, бул кылмышка катыштыгы бар Тогуз-Торо районунун 2002-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну аныкталып, ал Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан