Кочкор районунда мыйзамсыз менчикке берилип кеткен кесиптик лицейдин жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Тоо айылында жайгашкан Тойгонбаев атындагы №15 кесиптик лицейине тиешелүү 0,32 гектар жер тилкеси менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган.
"3 миллион 100 миң сомго бааланган жер тилкеси прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекеттин эсебине кайтарылды. Жыйынтыгында мурунку ээлеринин мыйзамсыз менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылды. Мындан ары аталган жер тилкеси өзүнүн багыты боюнча пайдаланылат", - деп айтылат маалыматта.