"60 миң евро коём". Конор Макгрегор "Евро-2024" турниринин мыкты бомбардири боло турган оюнчуну атады

Эки салмак категориясы боюнча мурдагы UFC чемпиону Конор Макгрегор футбол боюнча Европа чемпиондугунун бомбардири Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду болот деген оюн билдирди. Ирландиялык жылдыздуу мушкер бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бомбардир Роналду болот, мен ага 60 миң евро койдум", - деп жазган Макгрегор.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-июнда Португалия курамасы Европа чемпиондугунун алгачкы оюнун Чехияга каршы өткөрдү. Анда португалиялыктар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан