Эртең, 20-июндан тарта Бишкектеги №135 кичи автобус каттамы автобуска алмашат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Жаңы автобус каттамын “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” жоопкерчилиги чектелген коому тейлейт. Буга чейин аталган каттамды “ТрансгруппКоммуникейшен” ЖЧКсы акыркы тендердин жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде тейлеп келген.
"№135 кичи автобустук каттамды тейлөө учурунда жогоруда аталган ЖЧК тарабынан жүгүртмө жана иш графигинде каралган автотранспорт каражаттарынын зарыл санын камсыз кылуу жана аларга GPS-трекерлерин орнотууда эреже бузуулар байкалган. Аталган эки жагдай борбордо жүргүнчү ташууну уюштуруу эрежелеринде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш талаптардын бири", - деп билдиришти мэриядан.
Мындан улам, жогоруда айтылгандар негизге алынып, түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, аталган ЖЧКнын №135 каттамды тейлөө укугу токтотулду.