Биз социалдык тармакта

Эске салабыз. Эртең ЖРТнын 3-этабы башталат

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эртең 21-июнда Жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-этабы Бишкек жана Ош шаарларында башталат.

Белгилей кетсек, ЖРТга каттоо же кайра каттоо 11-июндан 19-июнга чейин жүргүзүлдү. Тесттин 3-этабы 23-июнга чейин өтөт.

ЖРТ К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

Эске салабыз, III этапка жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр гана катыша алат.

Маалымат үчүн: Быйыл республика боюнча 11-классты 73 миңден ашык окуучу аяктап жатат. ЖРТнын биринчи этабы 18-20-майда өтсө, экинчи этабы 22-24-майда өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан