Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Польшадагы рейтингдик турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбаны Варшава шаарында өтүп жаткан "Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024" аттуу эл аралык мелдеште алтын медаль утту.
Махмудов 77 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде жалпы 4 кармаш өткөргөн. Спортчу алгач украиналык, алжирлик жана колумбиялык балбандарды ири эсеп менен жеңип, финалдык беттеште польшалык Патрик Беднарц аттуу спортчуну 8:0 эсебинде утуп алды.