Биз социалдык тармакта

Квитанцияларды алууга болот. "Бишкек жылуулук тармагы" уюлдук колдонмону ишке киргизди

«Бишкек жылуулук тармагы» абоненттери үчүн уюлдук колдонмону ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Эми абоненттер колдонмонун жардамы менен электрондук төлөм үчүн эсеп-дүмүрчөк ала алышат. Ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүп, прибордун көрсөтмөлөрүн берсе болот.

Мындан тышкары анда көрсөтмөлөрдүн таржымалын текшерип, карыздар жөнүндө билдирме, оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтарды алууга болот.

Долбоордун негизги максаты - санариптештирүү жана кагаз дүмүрчөктөрдү колдонууну азайтуу экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан