Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Байтик баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.
Буга байланыштуу №6, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 195, 212, 226 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.
"Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.