Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Талас РИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, 18-июнда саат 19:00 чамасында Талас районунун Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунан 2 жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга түшүп агып кеткендиги боюнча милицияга кабар келип түшкөн.
Ага ылайык, окуя Талас РИИБине каттоого алынып, окуя болгон жерге Талас РИИБинин өздүк курамы толугу менен жана Талас ОИИБден жалпы 100гө жакын кызматкерлер издөө иштерине тартылган.
Анда милиция, ӨКМ, "Альянс-Алтын" компаниясы, жергиликтүү бийлик жана жаш баланын туугандары суудан 2 күн издөө иштерин жүргүзүшкөн.
"Бүгүн, 20-июнда сайдагы суунун нугу башка жакка бурулуп, суу азайган кезде 2 жашар баланын жансыз денеси ташка кыпчылып калган жеринен табылган.
2-3 чакырым алыстыкка агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.