MBANK насыя пайыздык чендерин 19,99% га чейин төмөндөттү

ААК "Коммерциялык Банк Кыргызстан" | MBANK насыя пайыздарынын чени төмөндөгөнү тууралуу жарыялайт. Эми онлайн насыя пайызынын жылдык чени болгону 19,99 %.

«MBANK ар дайым өз кардарларына жаңы жана пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө умтулат. Жылдык ченди 19,99 %га чейин төмөндөтүү менен биз каржы кызматтарын баарына жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз.

Сиз үчүн ыңгайлуу эң сонун мүмкүнчүлүк – учурдагы насыяңызды жабуу үчүн жаңы насыя алуу менен ай сайынкы төлөмдү минимумга чейин төмөндөтүп, кошумча пайыздардан акчаңызды үнөмдөөгө жол ачылат», - деп банктын акцияларынын пайдалуу шарттарын белгилейт.

MBANKтын насыя артыкчылыктары:

Ыңгайлуу пайыздык чен: жылдык чен 19,99%, банктын офистерине баруунун зарылдыгы жок.
Онлайн насыя: MBANK тиркемеси аркылуу насыя алуу мүмкүнчүлүгү.
Жөнөкөй шарттар: насыяны төлөө мөөнөтү 36 айга чейин, жеке учурларда 60 айга чейин.
Ыңгайлуу тейлөө: акча каражаттарын MBANK банкоматтар тармагынан алуу, MBANKтиркемесинин ичиндеги которуулар жана төлөмдөр.

Тез жана ыңгайлуу

Бардык операциялар Онлайн режиминде жүргүзүлөт:

Ыкчам тариздөө: 1 мүнөттүн ичинде макулдук берилет
Тез которуу: арыз жактырылгандан кийин акча каражаты 5 мүнөттүн ичинде картага түшөт.

Акция 2024-жылдын 19-июнунан 2-июлуна чейин созулат. Финансы рыногунда насыялоонун эң пайдалуу шарттарын пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

MBANK тиркемеси аркылуу дароо билдирме калтырыңыз. Үйүңүздөн чыкпастан, пайдалуу,ошондой эле ыңгайлуулуктан ырахат алыңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан