Биз социалдык тармакта

Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жарнамалык такталар жок кылынууда

Бишкекте жарнамалык такталар жок кылынууда. Ордуна LED экрандар орнтулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте Октябрь районундагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин баштады.

Ошондой эле тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына 31-августка чейин борбордогу бардык жарнамалык такталарды LED экрандарга алмаштырууну тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан