Кечээ, 21-июнда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, каттам менен 96 жүргүнчү келген.
Июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарыла тургандыгы пландалууда.