ЭЛДИК КАБАР: "Бул жак каралбайбы?" Окурман жолдун абалына нааразы

Жолдогу чуңкурдан өтүш үчүн унааны каршы тилке менен айдоого туура келет. Мындай билдирүү менен ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман жолдун абалына нааразы.

Анын айтымында, Бишкектеги Кыргызская көчөсү менен Курманалиев кыска көчөсүнүн кесилишиндеги чуңкурдан өтүш үчүн каршы тилкеге чыгыш керек.

"Бул жак каралбайбы? Тиги жакта бир айдоочу Акунбаев көчөсү жасалыптыр деп кубанганынан ыйлап жатат. Бул жакта биз жолдун начарынан ыйлап жатабыз. Эки көчөнүн кесилишинде бир метрдей чуңкур бар. Бул жерден өтүү үчүн каршы тилкеге чыгыш керек. Курманалиев көчөсүнөн кичи автобус жүрөт. Эми жакында автобус жүрөт деп жатышат. Автобусту кантип айдатканы жатышат билбейм. Өйдө жак эле жасала береби? Бул жак каралбайбы?" - деди ал.

Окурман аталган эки көчөнүн жасала турчу жерлери көп экенин айтып, тийиштүү кызмат көңүл бурса дейт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

21.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан