Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат берди.
Маалым болгондой, жер силкинүү бүгүн, 21-июнь саат 08:13тө катталган.
Анын очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым түштүк чыгышка карай, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым түштүк чыгышка, Каракол шаарынан 103 чакырым түштүк чыгышка карай катталып, өлкөнүн калктуу аймактарында сезилген эмес.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.