Ошто мыйзамсыз сакталган куралдар алынды

Ошто мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, облус аймагында жүргүзүлгөн рейддин негизинде мыйзамсыз сакталган 8 даана ок атуучу курал алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган жана тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"ИИМдин каттоосунда турган куралдардын ээлерин жана ок атуучу куралдарды сактоого укук берилген мекеме, уюмдардын кызматтык куралдарынын сакталышын жана уруксат мөөнөттөрү текшерилди", - деп айтылат маалыматта.

Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 курал убактылуу алынып, 23 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн. Жалпы 63 миң сом айып салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан