Ош облусунда контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну С.Н. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектерди сатуу каналын уюштурган.
"Тактап айтканда, С.Н. жүк ташуучу компаниялардын кызматы аркылуу бир тууган агасы А.Н.нын атына катталган "Фарм Юг" ЖЧКсына дары-дармек препараттарына заказ берген.
Буга байланыштуу УКМК менен Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин борбордук аппараты тарабынан "Фарм ЮГ" ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү, ошондой эле салыктык текшерүү дайындалып, тергөө тапшырмасынын негизинде аталган компаниянын тиешелүү дары-дармек каражаттарынын кампа имаратында жана 8 дарыкана пункттарында текшерүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында Кыргызстанга контрабандалык жол менен алынып келинген 150 аталыштагы медициналык препараттардын үлгүсү аныкталганы кошумчаланды.