Эмнени билүү маанилүү?
Beeline Кыргызстан Компаниясы 2024-жылдын 25-июнунан тартып бүткүл өлкө боюнча уюлдук телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү ишке киргизиле тургандыгын эскертет. Буга байланыштуу бир нече негизги учурларды эске алуу керек.
1. Кайсы түзмөктөр автоматтык түрдө катталууга тийиш?
2024-жылдын 25-июнуна чейин Кыргызстандын уюлдук операторлорунун тармактарына кошулган бардык Уюлдук телефондор МИС базасында автоматтык түрдө катталат. Түзмөктү каттоого жетишүү үчүн, көрсөтүлгөн күнгө чейин КРнын байланыш операторунун SIM-картасын активдештирүү жетиштүү.
2. Эки симкалуу телефон ээлери эмнени эске алышы керек?
Телефонду каттоо – SIM-картасы бар ар бир түзмөккө ыйгарылган уникалдуу эл аралык 15 орундуу идентификатор номерин-IMEI кодун колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Эки симкалуу телефондордо ар бир слоттун өзүнүн IMEI коду бар, анын ар бири өзүнчө катталышы керек.
Ошондуктан эгер сиз бир гана SIM-картаны колдонуп жатсаңыз, эки слот тең катталганын текшеришиңиз керек. Бул үчүн SIM-картаңызды ар бир слотко кезек менен салып, 2024-жылдын 25-июнуна чейин уюлдук оператордун тармагына туташыңыз (чалуу жасаңыз же интернетке кириңиз).
3. 2024-жылдын 25-июнунан кийин сатылып алынган телефондор кантип катталат?
Катталган түзмөктөрдү гана өлкөнүн рыногунда сатууга уруксат берилгендиктен, сатып алуучулар аларды өз алдынча каттоонун кажети жок. Телефондорду Кыргызстандын аймагына алып келген импортерлер каттайт.
Эгер сиз Кыргызстандан тышкары жерде жеке колдонуу үчүн уюлдук телефонду сатып алсаңыз (мисалы, аны чет өлкөдөн алып келсеңиз же чет элдик базарлардан тапшырык кылсаңыз), аны imei.kg сайтында өзүңүз катташыңыз керек болот.
2024-жылдын 25-июнунан кийинки алгачкы эки айдын ичинде жеке адамдар экиге чейин мобилдик түзмөктү акысыз каттай алышат. Бул үчүн сизге арызды тапшырганга чейин 30 күндөн ашпаган убакытта телефондун Кыргызстанга алынып келингендигин тастыктоо керек болот.
Роумингдеги түзмөктөр (чет элдик байланыш операторлорунун SIM-карталары менен) каттоону талап кылбайт.
4. Катталбаган телефондор эмне болот?
2024-жылдын 25-июнунан кийин МИСде катталбаган телефондор Кыргызстандын уюлдук операторлорунун тармактарында иштей албайт. Абоненттер өчүрүүлөрдөн 30 күн мурун тиешелүү SMS-билдирүү алышат.
5. IMEI кодун каттоо статусун кантип текшерсе болот?
Beeline өлкө ичинде уюлдук телефондорду сатып алууда жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткаруу менен IMEI коддун каттоо статусун текшерүүнү сунуштайт:
Оригиналдуу түзмөктөр гана МИСте катталууга тийиш экендигин эске алуу керек. Кыргызстандын уюлдук операторлорунун тармагында жасалма телефондор иштебейт.
Көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн, мобилдик түзмөктөрдү ишенимдүү сатуу пункттарынан сатып алуу керек. Beeline Apple компаниясынын расмий өнөктөшү жана ыйгарым укуктуу реселлери катары дүйнөгө белгилүү бренддин түп нуска өнүмүн сунуштайт. iPhone жана башка сапаттуу девайстарды сатып алуу үчүн Бишкектеги төмөнкү даректерде жайгашкан Beeline кеңселерине келиңиздер:
— Asia Mall СБ (Ч.Айтматов пр., 3, 10:00 – 22:00);
— «Бишкек Парк» СБ (Киев көч., 148, 10:00 – 22:00);
— «Дордой Плаза-2» СОБ (Ибраимов көч., 115, 10:00 – 22:00);
— «Асыл-Таш» ББ (Ибраимов көч., 115/1, 9:00 – 18:00).
Биздин адистер Сизге туура түзмөктү тандоого жардам берет жана cизди кызыктырган бардык суроолор боюнча кеңеш беришет.