Лейлекте интернет алдамчылыгына шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу бейтааныш киши "Лалафодон" “мал сатам” деп ишеничине кирип, 77 миң сом акчасын котортуп алып таптырбай кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 31 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну Жалал-Абад шаарынан кармалып, Раззаков шаарына алынып келген.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатканы айтылат.