Ысык-Көлдө 22 жыл өрт кызматында иштеген куткаруучу ардактуу эс алууга кетти. Бул туурасында бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, ал Ысык-Көл облусунун Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, өрт өчүрүүчү-куткаруучу, полковник Талант Молдосанов.
Тасмада көрсөтүлгөндөй, өздүк курам катарга тизилип, өрт өчүрүүчү атайын техникалар менен суу чачып ардагерди ардактуу эс алууга узатышкан.