2013-жылдын 29-декабрь күнү Ош шаарындагы «Мухаммед-Умар» спорт клубунда спортчу Элтай Анарбаевдин жаркын элесине арналган 2000-2003 жылкы жаш өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча облустук чемпиондук өткөрүлөт. Утушка ээ болгон чемпиондорго баалуу сыйлыктар жана медаль, дипломдор тапшырылат. Салтка айланган бул чемпиондук 5-жолу өткөрүлүүдө.
Эске сала кетсек, спорттун дзюдо түрү боюнча бир топ ийгиликтерди багындырган жаш спортчу Элтай Анарбаев мындан 5 жыл мурда кылмышкерлердин колунан каза болгон.