Сокулукта кошунасын өлтүрүүгө шектелип 18 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда кошунасын өлтүрүүгө шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши 20-июнда болгон. Ошол күнү 1960-жылы туулган Студенческое айылынын тургуну 2006-жылы туулган кошунасын үйүнө чакырып, экөө спирт ичимдигин ичишкен. Бул учурда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташка айланган. 18 жаштагы кошунасы үйдүн ээсин балка менен бир нече жолу уруп, эки ирет бычак сайган. Андан соң шектүү качып кеткен. Ал эми 64 жаштагы жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган П.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан