Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, текшерүү учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосу жок, нормадан ашыкча көп сандагы балдарды бир бөлмөдө окуткан диний окуу борбору аныкталды. Ага жеринде Укук бузуулар кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 7,5 миң сом айып пул салынып, борбор убактылуу жабылды.
Ага ылайык, мечиттерге, диний окуу борборлорго коюлган талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча окуу борборду уюштурган жеке тараптарга эскертүүлөр берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 42 мечит, 4 медресе, 1 диний окуу борбору бар.