Аркадий Ротенберг
Украинанын Ички иштер министрлиги орусиялык ишкер Аркадий Ротенберг менен анын улуу Игорь Ротенбергди издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алар "Чек араны өзгөртүү боюнча аракеттерди каржылоо", "Кылмыш жолу менен табылган мүлктү легалдаштыруу" жана "Салык төлөөдөн качуу" беренелери боюнча издөөгө алынган.
Аркадий Ротенберг Орусиянын президенти Владимир Путин менен көп жылдан бери дос экени белгилүү. Алар бала кезинен бери бир секцияда дзюдо менен машыгышкан. Ротенберг алардын достугу "50 жылдан ашык убакыттын сыноосунан өткөнүн" белгилеген жайы бар.
2022-жылдын октябрында Украина Ротенбергдердин үй-бүлөсүнө каршы санкцияларды киргизген. Өткөн жылдын март айында Украинанын Юстиция министрлиги Аркадий жана Игорь Ротенбергге байланышкан мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.