Биз социалдык тармакта

“Миң автобус алынды”. Мэр Бишкекке дагы канча коомдук транспорт келе турганын айтты

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында маршруттук каттамдарды оптималдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда 1200 микроавтобустар шаардын борбордук көчөлөрүнөн чыгарылды. Алардын ордуна автобустар киргизилди.

“Коомдук транспортторду көбөйтүү максатында республикалык бюджеттен 1000 автобус алынды, ЕБРР аркылуу 114 автобус, Германия грант аркылуу 17 автобус алынды, АБР аркылуу 120 электробус келиши күтүлүүдө”, - деп белгиледи мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан