Биз социалдык тармакта

Бишкекте дагы бир көчө унаа кыймылы үчүн жабылат

23-июндан тартып Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Ал бир нече этап менен ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, аталган көчө капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабы жабылат.

Белгилей кетсек, унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.

"Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырым", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан