Биз социалдык тармакта

УКМК: Жашы жете элек кыздарды окутуп келген диний лагерь жабылды

"Мариям" атындагы диний лагердин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат 19-июнда аталган лагерди текшерүүгө алган. Текшерүүдө 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздарга намаз окуу, дуба окуу жана диний жактан тарбиялоо сабактары өтүп келгени аныкталды. Ошондой эле диний жай Баткен облусунун 1970-жылы туулган тургунуна таандык экендиги такталган.

"Комиссиялык текшерүүдө аталган жайда өрт коопсуздугу, санитардык-эпидемиологиялык нормалар, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, ошондой эле диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

УКМК учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан