Алай районунда сел катталды 

Бүгүн, 21-июнда Алайда катуу жааган жаандын кесепетинен сел катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ага ылайык, кокту колоттордон келген сел суулары Ош облусунун Алай районундагы Кошулуш-Кичи-Бүлөлү ички-чарбалык унаа жолун жаап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

"Маалыматты тактоо иштерине Алай өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, райондун акиминин орун басары тартылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан