Бишкекте интернет аркылуу жарандарды экстремисттик, террористтик уюмдардын катарына кошулууга азгырган чет өлкөлүк жаран кармалды.
Ички иштер министрлигинен билдиргендей, ал Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстандын Ислам кыймылы” жана “Жамаат ат-Таухид валь-Жихад” террористтик уюмдарынын активдүү мүчөсү болгон.
Бул жаран Кыргызстандын аймагында өзүнүн катарына башка жарандарды кошуу үчүн азгыруу иштери менен алектенүүгө шектелүүдө.
Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда кармалган шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, топтолгон материал сотко өттү.
Бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.
ИИМ тараткан маалыматта, шектүүнүн качан кармалганы жана өздүгү тууралуу айтылган эмес.