Ош облусунун Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июнда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.
Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.М. Кыргыз Республикасынын паспортторун берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө (Опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголду.
Натыйжада Т.М. 750 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.