Эртең, 23-июндан тарта Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады.
Маалымдалгандай, ал бир нече этап менен ишке ашат. Ага ылайык, капиталдык оңдоонун биринчи этабында аталган көчөнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта жолдун түндүк тарабы жабылат.
Буга байланыштуу №5 троллейбустун каттамы убактылуу жабылып, №11 троллейбустун каттамы жарым-жартылай өзгөртүлөт. №11 маршруттук каттам Батыш автобекетинен Манас проспектиси, Ахунбаев көчөсү менен Жал кичи районуна чейин каттайт.