Польшада өткөн эл аралык турнирде балбан Калмира Билимбек кызы күмүш байгеге ээ болду. Ал 19-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүп жаткан Memorial Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024 аттуу рейтингдик турнирге катышкан.Билимбек кызы 59 килограммга чейинки салмак ченинде алгач польшалык Наталья Кубат аттуу кызды 4:3 эсебинде, андан кийин дагы бир польшалык балбан Александра Витосту 8:0 менен утуп алган.
Чечүүчү беттеште германиялык Елега Крюгерге 7:0 менен жеңилип, күмүш медалга татыды.
Буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов жана Айсулуу Тыныбекова алтын, Раззак Бейшекеев күмүш, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынган.