Биз социалдык тармакта

"3,3 миллион сомго форель балыгын алган". Кеминде ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды   

Кемин районунда өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милисиясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-июнда милицияга Кемин районунун тургуну Ш. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Жабырлануучу ал жалпы суммасы 3 миллион 313 миң 440 сомду түзгөн 6904 килограмм форель балыгын алып, ошол бойдон изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан